30.08.2018 09:12

Кыргызстанга өзбек президенти Мирзиёев келээри кабарланды

Кыргызстанга өзбек президенти Мирзиёев келээри кабарланды

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов эки мамлекеттин эгемендик майрамдарына карата басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда элчи өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 3-сентябрда Бишкекке келээри күтүлүп жатканын билдирди.

Бирок 2-сентябрда башталчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземдерине өзбек президентинин катышаар-катышпасын так айткан жок.

2017-жылдын 13-декабрында Сооронбай Жээнбеков президент катары чет өлкөдөгү биринчи расмий сапарын Ташкенттен баштаган. Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын эгемен мамлекеттер катары дипломатиялык алакасы 1993-жылдын 16-февралында түзүлгөн.