20.09.2018 16:37

Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды

Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды

Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 19-сентябрында Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Тажикстандын 1999-ж.т., М.М., аттуу жаранын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын көзөмөл пунктунан сырткары жерден өтүп бараткан маалда кармап калышты.

Тажикстандыкта анын өздүгүн тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык кармалган адам айып тартып, тиешелүү документтер толтурулган соң Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнө тапшырылды.