24.05.2020 15:10
Кыргыз-тажик чек арасы: Кайрадан ок атылды
Бүгүн, 24-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында, тактап айтканда Баткен районун Мойнок аймагында ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аймакта Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары мал кайтарууга аракет жасашкан.
«Тажикстан тараптагы белгисиз адамдар кыргызстандык чек арачылар тарапка ок атышкан. Саат 11:40 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Жаңжалдан Кыргызстандын чек арачылары жабыркаган жок.
Саат 12:20да эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, окуя болгон жерге барышты. Учурда аталган тилкеде абал салыштырмалуу туруктуу. Тараптар окуянын чоо-жайын териштирип жатат», – деп айтылат маалыматта
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: