Кыргыз-тажик чек арасы. Коңшу өлкө жарандары такталбаган жерде иш жүргүзүүсүн улантууда
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 16-сентябрга карата абал туруктуу. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош-Баткен-Исфана унаажолу транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн ачык. Кыргыз тарап Көк-Таш – Аксай жолун асфальттоо иштерин улантууда, Баткен районунун Аксай айылынын Дача жергесинде КР МЧК чек ара постун куруп жатат.
«Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүсүн улантууда. Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн КР МЧКнын тарамдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү»,- деп жазылат маалыматта.
КР МЧКнын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара тарамдарынын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо.
Эскерте кетсек, 14-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк айылында саат 16:00 чамасында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: