14.09.2018 09:30

Кыргыз-тажик чек арасына жакын тилкеде уруш чыкты

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Кыргыз-тажик чек арасына жакын тилкеде уруш  чыкты

Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Бакай айылынын тургундары менен Исфара районунун Тожикон айылынын жашоочулары ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чатактын чыгуусуна тажикстандыктардын суу түтүгүн өткөрүү аракети себеп болгон. Аталган айыл  такталбаган тилкеге киргендиктен ар кандай  чарба иштерине тыюу салынган. Коңшу мамлекеттин жашоочуларынын аракети кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Жумуштарды токтотуу талабы аткарылбай, эки тарап кайым айтыша кеткен.

«Ошол эле күнү Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги тажикстандык кесиптештери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө макулдашышкан. Ушу тапта Баткен району менен Исфара районунун акимдери эл менен жолугууда. Сүйлөшүүлөр облус жетекчилеринин деңгээлинде жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат. Баткен облусунда кызмат өтөгөн чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү.