15.10.2018 09:45

Кыш келеби? ӨКМ алдыдагы күндөрдө кандай аба ырайы күтүлүп жатканын маалымдады

Кыш келеби? ӨКМ алдыдагы күндөрдө кандай аба ырайы күтүлүп жатканын маалымдады

Өлкө аймагында алдыдагы күндөрү аба ырайынын температурасы кескин төмөндөйт деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Маалыматка караганда, 16-17-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…+5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-2°үшүк, күндүз +4…+9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…+5°жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт  сыяктуу тоолуу унаа жолдор менен сапарга чыга турган айдоочуларга сөзсүз түрдө автоунаасынын дөңгөлөгүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып алууну эскертет.