08.06.2018 15:57

Киши тебелеп кетсе да, жазадан кутулгандардын тизмеси

19 жаштагы кыздын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча прокурордун жардамчысы толугу менен акталды. Бул иште сот кылмыш курамы жок деп, Данияр Сейталиевди күнөөсүз деп тапты.

Судмедэкспертизанын корутундусу боюнча, кыз бети менен жолдогу көлчүккө жыгылып, сууга чакап өлгөн. Ал эми мас абалда машине айдап, кызды унаасы менен уруп, ошол жолдогу көлчүккө жыгыткан прокурор жардамчысынын кыздын дүйнөгө кош айтуусуна эч кандай тиешеси жок.

Тилекке каршы, өлкөбүздүн жолдору күн өткөн сайын канга батып, жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү жазасыз калып келет. Чуу жаратып, унутулуп калган жол кырсыктарын кесиптештерим эске салат.