15.05.2019 09:52

Кытайдын абактарында жаза өтөп жаткан эки кыргыз жараны мекенине которулду

Кытайдын абактарында жаза өтөп жаткан эки кыргыз жараны мекенине которулду

Кытайдын абактарында жаза өтөп жаткан эки кыргыз жараны мекенине келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соттолгон жарандарды өткөрүп берүү келишиминин негизинде ишке ашты. 

14-майда Үрүмчү шаарында Кытайда узак мөөнөткө кесилип, абакта отурган  эки жаранды КР консулунун катышуусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүп беришти. 

Бүгүн, 15-майда алар Бишкекке жеткирилди.  Жакын  арада дагы бир кыргыз жаранын которуу максатталууда.