25.04.2018 17:50

Кыйноолорго кабылган жаран милиция менен соттошот

Адамдарга каршы зордук-зомбулуктун 85 пайызы укук коргоо кызматкерлери тарабынан көргөзүлөт. Мындай статистиканы кыйноо тууралуу эскертүүчү улуттук борбор келтирет. Ага ылайык, милиция өкүлдөрүнөн зомбулук көргөн жабырлануучулардын иши соттук кароого жеткени менен жыйынтыксыз. Бир дагы укук коргоо кызматкери жазасын тарта элек дейт адистер. Укук коргоочулар кайсы бир кылмыш-ишин бейкүнөө адамдын мойнуна күч колдонуу менен илип коюуну токтото элек. Алардын колунан жабыр тарткандардын бири менен April.kg маектешип келди.