03.05.2018 15:44

Кызыл-Кыштак тургундары президенттен жер тилке маселесин чечип берүүнү суранышат

Кызыл-Кыштак тургундары президенттен  жер тилке маселесин чечип берүүнү суранышат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары ондогон жылдардан бери жер тилкелерин ала албай келишет. Мындан улам, үйлөнгөн балдарын бөлө алышпай, бир үйдө 3-4 үй-бүлө жашаган учурлар аз эмес.

Ал эми, айыл аймагына тиешелүү жерди Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жең ичинен, ортомчулары аркылуу сатып жиберүүдө. Бул туурасында аталган айыл аймагынын тургундары билдиришти.

Маалыматта, “2011-жылдан бери карапайым калктын 91 гектар жер тилкелерин соодалаган айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жергиликтүү кеңештин депутаттарына ар бирине жакшы жерден жер тилке берем деп сатып алып, үчүнчү жолу шайланды. Бирок анын карапайым эл менен иши жок, элдин көйгөйү кызыктырбайт”, - деп айтылат.

Ошондой эле, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү 2006 -жылдан бери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы, андан кийин башчысы болгон Шарабидин Капаров үчүн кирешелүү бизнеске айланганы жазылат. 

Аты аталган айыл өкмөт башчысына жер мыйзамдарын одоно бузгандыгы жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 2009-жылдын башында  кылмыш иши козголгону, бирок иш негизсиз токтотулганы кошумчаланат.

“Жазасыз калган айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров тегиз жерде жайгашкан суулу жерлерди мыйзамсыз муниципалдык менчикке өткөрүп, көзкарандысыз баалоочу менен алдын-ала бүтүм боюнча келишип, Ош шаарына чектеш, жакын жайгашкан жерлерди 2010-жылдан баштап мыйзамсыз, арзан баада баалап, муниципалдык суулу жерлерди базар баасынан абдан арзан баада сатып, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири зыян келтирип жатат”

Мындан улам, айыл тургундары президент Сооронбай Жээнбековдун, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин атына ачык кат да жолдошкон.  Анда өз көйгөйлөрү жөнүндө кенен маалымдап, айыл өкмөт башчысы Капаровго карата чара көрүүнү суранышат.