25.10.2018 11:51

Кызыл-Кыяда кайната-кайненесин балта менен чапкан күйөө бала кармалды

Кызыл-Кыяда кайната-кайненесин балта менен чапкан күйөө бала кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын Жинжиген айылында кайната-кайненесин балта менен чапкан күйөө бала кармалды. Бул туурасында Баткен облустук ИИБден журналисттерге билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-октябрда саат 4:45те милициянын нөөмөт бөлүмүнө Жинжиген айылында 26 жаштагы жигит аялынын ата-энесинин үйүнө кирип, уктап жаткан кайната-кайненесин балтанын арты менен чаап, качып кеткени айтылат. 

Мындан кийин милиция шаарда издөө иштерин баштаган. 2 күндөн кийин жигит Кызыл-Кыядагы мечиттердин биринде табылган. 

Анын буга чейин кайын-журтунун үйүндө жашап келгени аныкталды. Аялы ата-энесинин жалгыз кызы болгон. Спирт ичимдигин көп колдонгон күйөө баланы кырсык болоордон 5-6 күн мурун үйдөн кууп салышкан. Ал өч алуу үчүн ушуга барганы айтылат.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.