22.05.2018 17:51

Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган Эсеп палатасынын өкүлүнө карата кызматтык иликтөө башталды

Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган Эсеп палатасынын өкүлүнө карата кызматтык иликтөө башталды

Эсептөө  палатасынын өкүлүнүн санавиация кызматынан пайдаланганы боюнча кызматтык иликтөө баштады. Бул туурасында Эсеп палатасынын маалымат кызматынан April.kg порталына билдиришти.

Маалыматта, "Интернетте тарап кеткен "Эсептөө палатасынын кызматкери ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, санавиацияны Кочкорго тууганына жибергени тууралуу" маалымат боюнча кызматтык иликтөө баштады", -деп жазылат.  

Ал иликтөөнүн жыйынтыгына жараша, эгер кызматкер тарабынан мындай  жосунсуз жорук орун алганы такталса, аны тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн катаал чаралар көрүлөөрү айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук госпиталдын реаниматолог-дарыгери жогору жакта иштеген бир адамдын буйругу менен жумуштан кийин Кочкорго санавиация менен барып келгени, ал бейтап мындай кызматка муктаж болбогону тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.

"Балким, бул убакта кимдир-бирөөнүн баласы, же апасы чындап эле реанимобилдин кызматына муктаж болуп тургандыр?", -деген жазган Нурзат Жумалиева.