21.12.2018 11:31
Кочкор районунда 3 унаа кагышып, 5 адам жаракат алды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 190-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) 3 унаа кагышып, 5 адам жаракат алды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Нарын облусунун Кочкор районунда 2018-жылдын 20-декабрында 8:54тө болгон. Анда «ХОВО», «Хонда-СРВ» жана «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 5 адам (4 эркек,1 аял) ар кандай жеңил жаракаттарды алган.
КР ӨКМнин №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарга медициналык биринчи жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: