29.07.2019 15:37, Аман Бакиров

Кочкордо Сапар Исаковду колдоо иш-чарасы жүрүп жатат

Кочкордо Сапар Исаковду колдоо иш-чарасы жүрүп жатат

Кочкор районунун маданий комплексинде саат 15:00дө мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду колдоо тынчтык митинги башталды. Бул туурасында April.kg кабарчысы Аман Бакиров билдирди. 

Анын айтымында, Исаковдун туулган күнүнө карата уюштурулуп, «Ак ийилет, бирок сынбайт» аталышында өтүп жаткан иш-чарага келгендердин саны учурда 100 адамдан ашты, алардын арасында жергиликтүү активисттер, мугалимдер, маданият ишмерлери жана КСДП өкүлдөрү бар. 

Сапар Исаковду колдоо митингине Кочкордун тегерегиндеги айылдардан онго жакын атчандар да келгени айтылат. Бирок тартип сакчылары аларда маданий комплекстин аймагына киргизбей коюшкан. 

April.kg кабарчысына атчандар башка күндөрү комплекстин аймагына ат менен кирүүгө уруксат берилип келгенин айтышып, «мыйзамдын дал бүгүн иштеп калганына» таң калгандарын билдиришкен. 

«Учурда концерт болуп жатат. Элдин маанайы жакшы, шаңдуу», -деди кабарчы. 

Эскерте кетсек, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 2018-жылдын июнунан бери УКМКнын убактылуу тергөө абагында отурат. Ага Бишкек ЖЭБин жаңылоо, Тарых музейинин оңдотулушу боюнча айыптар тагылууда.