28.03.2020 11:14

Комендант: Жалган маалымат тараткандар тез эле аныкталып, жоопкерчиликке тартылат. Жалал-Абаддан үчөө кармалды

Комендант: Жалган маалымат тараткандар тез эле аныкталып, жоопкерчиликке тартылат. Жалал-Абаддан үчөө кармалды

Бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад облусу боюнча комендант Жеңиш Жоробеков түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип, жалган маалымат таркаткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.

“Жалган, туура эмес маалымат таркаткан үч киши кармалды. Биздин адистер соцтармактарда тынымсыз мониторинг жүргүзүп, мыйзам бузуулар болсо дароо аныкталып, жоопкерчиликке тартылат”, -дейт Жеңиш Жоробеков

Айтымында, учурда Жалал-Абад облусу боюнча абал туруктуу.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны – 58ге жетти. Алардын алтоо реанимацияда.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.