11.12.2018 17:58

Коноктон келип, балдардын жансыз денесин табышты: Нарындагы бөөдө кырсык

Коноктон келип, балдардын жансыз денесин табышты: Нарындагы бөөдө кырсык

Нарын районунун Сегизинчи март айылында 2 бала иске ууланып каза таап, 3 жаштагы бөбөк ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Нарын облустук ИИБдин маалымат кызматына таянып, Turmush агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, 8-декабрь күнү түшкү саат 12лерде аталган айылдын тургундары 63 жана 61 жаштагы аялы-күйөөсү Нарын шаарына конокко кетишкен. Эртеси саат 14:00дөрдө үйүнө келген ата-эне үйдүн ичин түтүн каптап турганын көрүшкөн. Төркү бөлмөдөн 18 жаштагы баласынын, 7 жана 3 жаштагы неберелеринин эс-учун жоготуп жатышканын көрүшкөн.

Алар дароо балдарды сыртка алып чыгып, эс алдырууга аракет жасашкан. Бирок 18 жаштагы баласы менен 7 жаштагы небересинин денелери эчак муздап, каза болуп калышканын байкашкан. Ал эми 2015-жылы туулган Б.У. дем алып жаткандыктан аны Нарын райондук аймактык ооруканасына алып жөнөшкөн. Нарын райондук тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери бөбөккө алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.

Каза тапкан балдардын ата-энелери өлүктү соттук-медициналык экпертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Учурда бул факты боюнча Нарын РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.