02.04.2018 18:25

Коомдук жайларда чылым чеккенге тыюу салынышы мүмкүн

Коомдук жайларда чылым чеккенге тыюу салынышы мүмкүн

Чылым чеккендердин жашоосу кыйындап калышы мүмкүн. Эл өкүлдөрү коомдук жайларда, имараттарда жана эс алуу жайларында чылым чеккенге тыюу сала турган мыйзам долбоорун сунуштап жатышат.

Документке ылайык, медициналык, билим берүү мекемелеринде менчик айырмачылыгына карабай чылым тартууга тыюу салынат. Ошондой эле коомдук, эс алуу, тамактануу жайларында, ресторан, кафелерде да тамеки тартчу бөлмөлөр болбойт.

Мындан сырткары массалык маданий-спорттук иш чаралар өткөн учурда чылым тарткандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Аны коомдук тартипти сактаган кызматкерлер ишке ашырат. Азыркы учурда бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Демилге жакшы көтөрүлгөнү менен ишке ашпайт дешет серепчилер. Алардын айтымында жаңы мыйзам погончондор үчүн кошумча коррупциялык схемаларды түзүшү мүмкүн.

Сурамжылоого катышкан Кыргызстандыктардын 85 пайызы  бул сунуш менен макул. Алар балдарды жана жаман адаты жокторду уулаганды токтотуу керек деп эсептешет.

Ошол эле учурда тыюу сала турган болсо тамеки чеккенге атайын жайларды куруш керек дегендер да жок эмес.