23.08.2018 15:59

«Коопсуз шаар» боюнча аукцион жыйынтыкталды. Үч компаниянын аты аталууда

«Коопсуз шаар» боюнча аукцион жыйынтыкталды. Үч компаниянын аты аталууда

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруучу компанияны аныктоо боюнча онлайн-аукцион аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча бири жеңүүчү деп аталышы мүмкүн болгон 3 компаниянын аты аталууда. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Алар интернет байланышын камсыздаган «Мега-Лайн» компаниясы, «Вега радиотүзүлүш концерни» ААКы жана «Кыргызтелеком» ААК.  

Конкурс онлайн-аукцион иретинде өттү. Эми акыркы чечимди тендердик комиссия кабыл алат.  

Аукциондогу баштапкы баа 2,5 млрд сом деп аныкталган. Кызматты көрсөтүүгө кайсы компания эң аз акча сунуштаса, ошол компания жеңип чыгат.