04.09.2018 10:53

«Коопсуз шаар» боюнча кайрадан онлайн аукцион өтөт

«Коопсуз шаар» боюнча кайрадан онлайн аукцион өтөт

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте «Коопсуз шаар» боюнча кайрадан онлайн аукцион өтөт. Бул тууралуу  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 23-августунда  өткөрүлгөн онлайн тоорук учурунда мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасы жеңүүчүнү  аныктай  алган эмес. Анда техникалык катачылыктар кеткени айтылган. 

Маалым болгондой, конкурска катышууга 3 компания арыз берген — эки жергиликтүү, бир россиялык. Аукциондун жыйынтыгында бир гана «Мега-Лайн» компаниясынын сунуштаган баасы көрсөтүлүп, ал 50,5 миллиард сомду түзгөн. Аукциондогу баштапкы баа болсо, 2,5 млрд сом деп аныкталган. Кызматты көрсөтүүгө кайсы компания эң аз акча сунуштаса, ошол компания жеңип чыкмак.