23.08.2018 15:20, Аман Бакиров

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча онлайн-аукцион жүрүүдө

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча онлайн-аукцион жүрүүдө

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде саат 15:00дө «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруучу компанияны аныктоо боюнча тендер башталды. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Конкурс онлайн-аукцион иретинде өтүп жатат. Ар бири 10 мүнөттөн болгон 3 айлампанын жана ар бири 2 мүнөттөн болгон 2 бонустук айлампанын жыйынтыгында саат 15:36да сынактык билдирме документтери ачылаары күтүлүп жатат. Аукцион бүткөн соң, тутум кайсы компаниялар катышканын жана кандай баа сунушташканын көрсөтөт. Акыркы чечимди комиссия кабыл алат.  

Аукциондогу баштапкы баа 2,5 млрд сом деп аныкталган. Кызматты көрсөтүүгө кайсы компания эң аз акча сунуштаса, ошол компания жеңип чыгат. 

2018-жылдын 20-июлунда Мамлекеттик сатып алуулар порталында  бул долбоорду ишке ашыруу үчүн тендер жарыяланган жана тендердик комиссиянын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, коомдук уюмдардын жана Мамлекеттик комитеттин Байкоочу кеңешинин өкүлдөрү кирген.

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендердик комиссиянын төрагасы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров.