22.06.2018 13:42

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруучу компания тандалат

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруучу компания тандалат

«Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу процесси аяктады. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев атайын кеңешмеде билдирди.

Жакын арада программаны ишке ашыра турган компания тандалмакчы. Долбоордун биринчи баскычында Бишкектин 38 кесилишинде жана 52 ылдамдык бөлүгүндө камераларды орнотуу, ошондой эле 20 көчмө комплексин жабдуу пландалууда.

Бул беш жылдын ичинде эрежелерди бузуулардын санын эки пайызга чейин кыскартууга жана бюджетке түшүүлөрдү кыйла көбөйтүүгө шарт түзөт деп болжолдоду.

Өкмөт башчы сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн суммасын 10 млн АКШ долларына чейин көбөйтүүнү сунуштады. «Эгерде жеңүүчү компания сынактын шарттарын аткарбаса, анда көрсөтүлгөн сумма мамлекеттик бюджетке которулат», – деди Премьер-министр.