21.09.2018 12:16

«Коопсуз шаар» долбоорун россиялык компания ишке ашырмай болду

«Коопсуз шаар» долбоорун россиялык компания ишке ашырмай болду

Россиялык «Вега» концерни «Коопсуз шаар» долбоору боюнча онлайн-аукциондун жеңүүчүсү деп табылды. Бул туурасында April.kg порталына Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен маалымат кызматынан билдиришти. 

Алардын айтымында, баштапкы баа 0,25 миллиард сомго ылдыйлатылган. Комитеттин маалымат кызматынан учурда концернден иштешүүгө даяр экендиктерин бышыктаган жооп күтүп жатышкандыктарын билдиришти.  

Эскерте кетсек, 4-сентябрда «Коопсуз шаар» долбоору боюнча экинчи ирет онлайн-аукцион өткөрүлгөн. Тендерге 3 компания катышкан - «Альфа Телеком» ЖАК, «Маалыматтык тутумдардын коопсуздугу» жана «Вега» ЖЧКсы.

Эң төмөн бааны «Вега» сунуштаган. Баштапкы баа  2 миллиард 552 миллион 706 миң  240 сом болчу.