23.08.2018 16:47, Аман Бакиров

«Коопсуз шаар»: Техникалык мүчүлүштүк жоюлган соң гана жеңүүчү тууралуу айтууга болот

«Коопсуз шаар»: Техникалык мүчүлүштүк жоюлган соң гана жеңүүчү тууралуу айтууга болот

«Коопсуз шаар» боюнча өткөн аукцион учурунда техникалык катачылыктар кеткендиктен, бүгүнкү аукциондун жеңүүчүсү белгисиз бойдон калды. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Маалым болгондой, конкурска катышууга 3 компания арыз берген — эки жергиликтүү, бир россиялык. Саат 15:00дө башталган аукцион 15:36да жыйынтыкталды. 

«Мамлекеттин сатып алуулар порталынын тутуму жеңүүчүнү көрсөткөн жок. Жакынкы 2-3 күндө адистер техникалык мүчүлүштүктүн себебин таап чыгышат. Ал белгилүү болгондон кийин гана жеңүүчү барбы, жокпу айта алабыз», — деп билдирди «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шатемиров.

Эскерте кетсек, аукциондун жыйынтыгында бир гана «Мега-Лайн» компаниясынын сунуштаган баасы көрсөтүлүп, ал 50,5 миллиард сомду түздү. Аукциондогу баштапкы баа болсо, 2,5 млрд сом деп аныкталган. Кызматты көрсөтүүгө кайсы компания эң аз акча сунуштаса, ошол компания жеңип чыкмак.