05.10.2018 09:00

Коопсуздук Кеңеши «Кыргыз темир жолундагы» коррупциялык фактыларды аныктады

Коопсуздук Кеңеши «Кыргыз темир жолундагы» коррупциялык фактыларды аныктады

«Кыргыз темир жолу УК» ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева айтып чыккан «Бишкек-Москва», «Бишкек-Новокузнецк-Бишкек» жана «Бишкек-Казань-Бишкек» каттамдары боюнча каттаган поезддердин билети жок жүргүнчүлөрдү ташыганы тууралуу фактылар аныкталды. Бул туурасында Коопсуздук Кеңешине таянып, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенип жатат.

«Мындан тышкары, ушул сыяктуу фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 173- беренесинин 1-бөлүгүндө (Алдоо же ишенимден ашкере пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү), 221-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин өз ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануусу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 5-сентябрында кылмыш иши козголгон.

Мындан аркы иликтөөнү уюштуруу ошондой эле финансы полициясынын бөлүкчөлөрүнө да тапшырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштерин натыйжалуу жана ыкчам иликтөө максатында ыкчам-тергөө топтору түзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча тергөө тарабынан бардык күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилет, ошондой эле кыска мөөнөттө материалдарын соттун кароосуна өткөрүү үчүн чаралар көрүлөт. Кошумча маалыматтар тергөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет»,- деп жазылат маалыматта.