11.10.2018 16:11

Коопсуздук Кеңеши ТИМде да, КРнын Кореядагы Элчилигинде да тартип бузуулар болгонун аныктады

Коопсуздук Кеңеши ТИМде да, КРнын Кореядагы Элчилигинде да тартип бузуулар болгонун аныктады

Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын  Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын  билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн  изилдеп чыкты. Анын жыйынтыгын мамлекет башчынын маалымат кызматы таратты. 

«Текшерүү аныктагандай, элчинин билдирүүсүндө жана КР ТИМинин жүйөлөрүндө жана ЖМК чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы бузуулар фактысы орун алгандыгы ырас жана алар  тиешелүү мамлекеттик органдардан алынган кошумча материалдары менен ырасталат.

Тышкы иштер министрлигиндеги бузуулар тууралуу маалыматты  алдын ала текшерүү ТИМдин системасында  так кадрдык  саясат  жок экендигин, ошондон улам мунун кесепети катары мезгил- мезгили менен министрликтен «кызматтык» мүнөздөгү маалыматтар жана документтер жарыкка чыгып кетип жаткандыгын көрсөттү», -деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, кадрларды тандоодо  жана жайгаштырууда КР ТИМинин жетекчилигинин олуттуу кемчиликтери аныкталып, тышкы иштер министрлиги  кызматкерлери тарабынан кетирилген мыйзам бузууларына жетишээрлик обьективдүү реакция жасабагандыгы тастыкталган. 

Текшерүү Элчи Кылычбек Султан Малайзия жана Кореяда дипломатиялык миссияны жетектеп турган мезгилдеги кемчиликтердин жана бузуулардын фактыларын  аныктаганы да айтылат.

Маалыматка караганда, Кылычбек Султан КРнын Малайзиядагы Элчилигинде өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМ макулдугу жок кабыл алган. Бул болсо, жашыруундуулук режимин бузуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси кызматынан бошотулгандан кийин К.Султан жана анын үй-бүлө мүчөлөрү  Малайзиянын ТИМине 2019-жылдын февралына чейин жарактуу болгон  «аккредитациялык карточкасын» өткөрүп бербегендиги дагы белгиленген тартипти бузуу болуп эсептелет.

2018-жылдын февраль айында К.Султан «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында жана дагы бир веб-сайтта Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, ал тургай ТИМ Элчиликке тапшырмасынын фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү  мамлекеттик кызматтагы расмий документтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат. 

Элчи К. Султан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзүн будамайлап,  резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашкан. Бул финансылык бузуу болуп саналат. Кыргызстандын  Кореядагы Элчиси кезинде К. Султан КР ТИМи менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттаган. 

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет элдеги мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакытка чет мамлекетте иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча  төлөнөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө К. Султандын жубайынын Кореяда Элчи менен чогуу жашагандыгын тастыктоочу документтер алынган эмес.  

Буга карабастан КР ТИМи  2018-жылы Элчинин жубайын кармоосу үчүн 6,5 миң доллардан ашык өлчөмдөгү каражатты негизсиз төлөп берген. 

Мындан тышкары КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча К. Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттери чарбалык субьектилеринин жетекчиси болгон. 

Тышкы иштер министрлигиндеги, ошондой эле К. Султандын Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы жана Малайзиядагы  дипломатиялык миссиянын башчысы болуп иштеген маалындагы аныкталган бузуулар фактылары боюнча материалдар карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.