12.03.2018 17:02

Коопсуздук кеңеши Япония жараны ири суммага алданганын ырастады

  Коом (1 материал)

113 миң долларын кыргыз жаранына алдатып жиберген Япония жараны Президент Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылган. Өз кайрылуусунда Матсуда Синдзи Кыргызстандын жараны Эльмира Эмилканова япониялык жарандар тарабынан негизделген кайрымдуулук фондунун  акчаларын өзүнө ыйгарып алгандыгын, ал эми  соттор акыйкат чечим чыгарбай жаткандыгын белгилеген.

 «Инклюзивное образование» коомдук фондунун директору Эмилканова Эльнура Жуманалыевна япониялык жаран Матсуда Синдзи менен таанышып, ишенимине кирген.  Андан соң  азиздер үчүн окуу борборун уюштуруу максатында квартира сатып алуу шылтоосу менен 2015-жылдын 8-июнунда 83 миң  АКШ долларын алган. Бул каражатка квартира сатып алып, аны өзүнө каттаткан.

Андан тышкары, 2015-жылдын 3-августунда Эмилканова Э.Ж. квартиранын ремонту, техника, жабдуу сатып алуу жана канатташ аймакты  көрктөндүрүү  үчүн деген шылтоо менен дагы 3 миң  доллар алган.

Бардык каражаттары максатсыз жумшалгандыгын билип, Матсуда Синдзи квартираны «Empower Blind People»  коомдук бирикмеге каттатып, калган акчаны кайтарып берүүнү талап кылган. Эмилканова Э.Ж. аталган талапты аткарбагандан кийин Япониянын жараны Кыргызстандын укук коргоо органдарына кайрылган.

Бирок, алардан майнап чыкпаган соң, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Президенттин буйругу менен  Коопсуздук кеңеши  буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөнү изилдеп көрүп, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокурорунун улук жардамчылары Б.Доктурбеков менен М.Сооронкулов тартип жоопкерчилигине тартылышты.

Кылмыш ишин мындан ары иликтөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүнө алынды.