24.05.2019 16:20

Коопсуздук кызматын реформалоо боюнча тегерек столдо чагым кылышты. Фотофакт  

Коопсуздук кызматын реформалоо боюнча тегерек столдо чагым кылышты. Фотофакт  

Бүгүн, 24-майда Бишкекте УКМКнын орду жана реформасына арналган тегерек стол өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө  белгисиз адамдар бир нече жолу аны үзгүлтүккө учуратууга аракеттеништи.

Жарандык активист Нурбек Токтакунов сүйлөп жатканда, өзүн  Дастан (фамилиясы жакшы угулган жок)  деп тааныштырган жигит уруш чыгарууга аракет кылды. Ал «Нарын жаштар Ордосу» аттуу бирикменин атынан келгенин билдирди. Мындан соң ал одоно сөздөр менен сүйлөп жаткан адамды сындап баштады. 

Уруш чыкканга чейин «Апрель» телеканалынын оператору ал адамдын телефонунан «Руся Б УКМК» деп сакталган таанышы менен жазышканын тартып калган. Алар эмне кылуу керектигин кеңешип жатышкан. Мына ушундан кийин тегерек столдо чуу чыккан. 

 

– ФИО айтайынбы.. өзүмдү тааныштырып...

– Башканы айт... Дастан деп кой...