Кореядагы кыргыз депутат: Билимдүү жаштардын арты менен Кыргызстан өнүгүп кетерине ишенем

Кореядагы кыргыз депутат: Билимдүү жаштардын арты менен Кыргызстан өнүгүп кетерине ишенем

Кыргызстандык Раиса Осмонованын чет жакта жашаганына  быйыл 16 жылга карады. Бир кездеги  биология, география  сабактарынын мугалими  азыр Кореянын Ульсан шаарында депутаттык кызматты аркалайт. Башка өлкөдөн бакыт тапкан каарманыбыз April.kg кабарчысына корей элиндеги депутаттык кызматы, бөтөн элдин маданияты, ал жактагы кыргыздар жана Кыргызстанга болгон сагынычы тууралуу  маек курду.

- Бала чагым касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде, Каракол шаарында өткөн. Ушул эле жашыл шаарда алгач ирет мектеп босогосун аттап, ушул эле шаарда жогорку окуу жайга тапшырдым. Ал кезде азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Пржевальск педагогикалык окуу жайы деп аталчу. Мына ошол окуу жайдын биология-география факультетин аяктадым. Окууну бүткөн соң, көп жыл мектепте мугалим болуп эмгектендим.

- Кореяга кандайча барып калдыңыз?

- Бул жактын тузу буюрган окшойт да)) Албетте. качандыр-бир туулуп-өскөн жеримди таштап, башка өлкөгө барып, ал жакта жашап калам деп ойлогон эмесмин. Бирок, кетишке туура келди. Англис тилин билгендиктен, алгач Америкага барсам деген ниет болгон, бирок салыштырмалуу жакыныраак деген ой менен Кореяны тандадым. 

- Кандай кыйынчылыктар болду? Кантсе да, тили бөлөк, дини бөлөк жер дегендей...

-  Албетте, ал кезде интернет, уюлдук телефон деген азыркыдай ар бир адамга жеткиликтүү эмес эле. Whatsapp да жок болчу. Андыктан, өлкөдөн чет жакка чыгуу -туңгуюкка кадам таштаганга барабар эле.  Алдыда эмне күтүп турат билбейсиң. Бирок, тобокелге салдым. Күтүлгөндөй эле башка элдин жашоо-турмушуна көнүп кетүү оор болду. Башында көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдум. Биринчиден, тил билбейм, корей элинин маданиятын да түшүнчү эмесмин. Тамак-ашына да көнө албай жүрдүм. Деңиздин жанындагы шаарда жашап калгандыктан,  Кыргызстандыкына салыштырмалуу нымдуу келген климаты да жат болду. Жай айларында нымдуулук жогорулап, өзүңдү мончодо жүргөндөй сезесиң. Бара-бара буга да көндүм.  Жумуш жагына келсек, алгач ашканаларда идиш жууп иштеген күндөр да болду. Анткени, тил билбесең, башка эч нерсе кыла албайсың.

- Азыр корей тилин мыкты өздөштүрсөңүз керек. Дегеним, корей жаранына турмушка чыгыпсыз?

- Кореяда жакшы жумушка орношуш үчүн тилин билишиң керек. Андыктан, иштеп да, өз алдымча тил да үйрөнүп баштадым. Бара-бара кесиптештер арасында дос-курбу күттүм. Алардын арты менен болочок жолдошум менен таанышып калдым. Экөөбүз алгач англис тилинде сүйлөшчүбүз. Жарым жыл тааныш болуп, бири-бирибизди жакшы билдик. Анан баш коштук. Келин болгондо корей тилин билбегенимен дагы бир кыйынчылык жаралды. Кайын энем менен сүйлөшө албай, башында жаңсап, же сөздүк колдонуп оюмду түшүндүрүп жүрдүм. Бирок, кайын эне- келин катары чогуу отуруп, сырдашып дегендей, кенен сүйлөшкүм келчү. Көп өтпөй  шаарда  чет өлкөлүктөргө тил үйрөткөн борбор ачылып, ал жакка барып окуганга мүмкүн болду. Ошондой эле тилди бат өздөштүрүү  максатында, жергиликтүү каналдардан корейче тасмаларды, берүүлөрдү калтырбай көрчүмүн. Азыр эми корейлердин түшүн жоруйм))

- Келиндик доордо дагы кандай тоскоолдуктар болду?

- Эң эле башкы көйгөйүм— тил билбегеним менен корей улуттук тамактарын жасай албаганым болду окшойт. Тилди жогоруда айткандай, бат эле үйрөнүп кеттим. Ал эми, корей тамактарына келсек,  дагы эле жакшы жасай албайм. Канча аракет кылбайын, корейлердикине окшошпой калат. Алардын тамактары куурулбай, кайнатылып бышырылат. Май колдонушпайт, майлуу тамактарды дагы жактырышпайт. Көбүнчө күрүч менен деңиз азыктарын, жашылча-жемиш жешет. Мындай тамактардан тажаганда, кыргыздын улуттук тамактарын  жасап  калам. Корей тамагына салыштырмалуу, кыргыздын тамактарын алигиче дааамдуу жасайм. 

- Корей элинин сизди балким, таң калтырган же суктанткан жактарынан бөлүшө кетсеңиз? 

- Мени таң калтырганы, корейлерде да биздикиндей  улууларды тергөө салтынын бар экени. Алар дагы улуу адамдарды тергешет. «Сиз» деп кайрылышат. Күйөөлөрүн атынан айтпайт. Кайын сиңдилерин «кыз» деп тергеп чакырышат. Ошондой эле, корей эли сыйга бек келет. Чоочун адамдарга сый-урмат көрсөтүп турушат. Бири-бирин алдашпайт. Эң эле кичипейил адамдарды Кореядан жолуктурдум. 

Ал эми, Кыргызстанга окшобогон жагы катары,  ата-энеси менен балдары бир дасторкондо отуруп стакан кагышып, ичимдик ичишкенин айтса болот. Корейлерде сужу деп аталган, арак сымал, бирок өтө күчтүү эмес ичимдик бар. Майрамдарда, же тойлордо ошону ичишет. 

- Кечээки мигрант - бүгүнкү депутат. Кантип мындай жоопкерчиликтүү кызматты аркалап калдыңыз?

- Корей тилин мыкты өздөштүрүп алган соң, мугалимдик кесибимди уланттым. Башка жактан келгендерге тил үйрөттүм.  Аны менен эле чектелип калбастан, ыктыярчылык иштерди көп алып бардым.  Коомдук иштерге аралашып, демократиялык партияга мүчө болдум.  2014-жылкы шайлоодо мени башка өлкөнүн өкүлү катары депутаттык тизмеге кошушту. Шайлоодон  биздин партия утуп чыгып, депутат болуп калдым. Алгач чынында жоопкерчиликтүү кызматтан корккон элем. Бирок чет жерден келгендерге жардам берүү максатында бул кызматка макул болдум. Бул жакта Филиппин, Вьетнам, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка мамлекеттен келген жарандар окуп, иштешет. Арасында корей жигиттерине турмушка чыккан кыздар бар. Аларды мультимаданий үй-бүлөлөр деп коюшат. Башка улутка турмушка чыккан кыз-келиндерге тил үйрөтүп, корей маданияты менен тааныштырыш керек.

Мен  эмгектенген райондук кеңеште баш-аягы 11 депутат бар. Бизге кошумча  кызматтарда иштөөгө тыюу салынган.  Депутат эл өкүлү болгондуктан жергиликтүү тургундардын үнүн угуп, район үчүн керектүү иштерди акимиат менен биргеликте алып барышат. Районго бөлүнгөн каражаттар кантип колдонулуп жатканын көзөмөлгө алат. Негизги милдет-жергиликтүү жашоочуларга шарт түзүү, жумуш менен камсыз кылуу болуп эсептелинет.  Кыргызстанда жашап жүргөндө саясатка кызыкчу эмесмин. Кореяга депутат болгону көзүм ачылды. 

16 жылдан бери чет жакта жашап, очор-бачар үй-бүлө күтүпсүз. Мекениңизди сагынган күндөр болобу? 

- Кыялымда Кыргызстанда иштесем кандай болот эле дейм. Өзүмдүн көчөмө, районума кичинекей болсо да салымымды кошсом жакшы болмок. Кореядан алган тажрыйбамды өз мекениме колдонуп, Ысык-Көлдүн экономикасын көтөрүүгө салым кошо алат белем дейм. “Кумтөрдөн” алтын чыгып жатат, ошонун бир бөлүгүн алып жолдорду өзгөртсө болот эле да. Жаңы мектеп, бейтапканалар такыр курулбайт. Мекениме барган сайын, өзгөрүү жок экенин байкаган сайын ичим ачышат. Айылдагы көчөлөр жарыктандырылып, жол белгилер орнотулса элге жакмак да. Кыялымда Ысык-Көлдү бай облус кылмакмын. Кичинекей Кыргызстан - бейиштин өлкөсү. Бийик тоолорубузду, ыйык көлүбүздү, ажайып кооз жаратылышыбызды коргош керек. «Мен таштап коем, өкмөт тазалайт» деген түшүнүктөн арылуу зарыл. Бирок мен  элдин аң-сезими да өзгөрөт деп ишенем.

Жакында эле мен жашаган Ульсан шаарында Кыргызстандан келген 45 студент билим алаарын билдим. Алар курултай өткөрүштү. Ынтымакка үндөгөн иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылыч мырзаны чакырышыптыр. Студенттердин баары стипендия алып окушат. Күнүмдүк жумуштарга иштебестен, билим алышууда. Мен ушундай илим-билимге умтулган кыргыздын уул-кыздары бар экенине сыймыктанам. Мына ушундай уул-кыздардын арты менен бүгүн болбосо эртең мамлекетибиз бутуна туруп, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат деп ишенем.