Коронавирус: Өзбекстан Кыргызстанга 1 миң тонна ун жана башка гуманитардык жардам жөнөттү
Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, жүк Андижан облусунунан Ош шаарына жеткирилди.
Гуманитардык жардам катары миң тонна ун, 7 миң комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана 95 респиратору, 20 мин кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы жеткирилди.
Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 5 учуру катталып, бейтаптардын жалпы саны 116 кишиге жетти.
25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө абал жарыяланган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: