Коронавирус: 10 адам сакайып чыкты
Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы 10 адам айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифингде билдирди.
“Оорукандан чыгарылгандардын бешөө Ош облусунда, калганы Жалал-Абад облусунда”-деди Каратаев.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын ичинен сакайып чыккандардын саны 54 адамга жетти.
Бүгүн, 12-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 377 кишиге жетти.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: