Коронавирус: 2 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды
Кыргызстанда коронавирус аныкталган 2 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратта, 3 адам кислород менен дем алууда. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди. Анын айтымында жалпы 5 бейтаптын абалы оор.
Бүгүн, 5-апрелге карата өлкөдө дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, бейтаптардын жалпы саны 147 адамга жетти. Ал эми 2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: