18.05.2020 10:23
Коронавирус: 4 медицина кызматкеринен илдет аныкталды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар 4 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ал эми стационарлардан 8 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 255 учур катталды, алардын ичинен 212 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Белгилей кетсек, бүгүн коронавируска кабылган 78 адам аныкталып, өлкө боюнча илдетке кабылгандардын жалпы саны 1216 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 827 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 14 адам көз жумган.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: