Коронавирус: 5 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат
Учурда стационарда жаткандардын саны 202 адам. Алардын бешөөнүн абалы туруктуу оор. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.
“Стационарда 202 адам бар, алардын ичинен 5 адам туруктуу-оор абалда реанимацияда, 5 адамдын 2сү жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат” – деди Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.
Кыргызстанда жалпы 76000 экспресс-тест бар болчу, алардын ичинен 30 миң тест пайдаланылган. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 216 адамга жетти. Илдеттен 4 адам каза тапты. Ошондой эле 10 адам бул илдеттен айыкты, бүгүн дагы 23 адамды ооруканадан чыгаруу пландалууда.
Эске салсам, өлкөдө COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: