Коронавирус: Бир сутка ичинде 10 медицина кызматкери илдетке чалдыкты
Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 157 учур катталды.
Жалал-Абад облусунда – 2
Ош облусунда – 1
Ош шаарында – 3
Нарын шаарында – 1
Бишкек шаарында – 3.
Бүгүн, 22-апрелге карата жаңы 22 учур катталып, коронавирус жуктуруп алгандар саны 612 адамга жеткен. Алардын арасынан 157 адам медицина кызматкерлери.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: