Коронавирус: Бир суткада 15 бейтап айыкты

Коронавирус: Бир суткада 15 бейтап айыкты

Кыргызстанда бир сутка  ичинде жалпысынан 15 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бишкек ш. – 4

Нарын облусу – 1

Ош облусу – 4

Ош ш. – 6

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

21-апрелге карата жаңы 22 учур катталып, коронавирус жуктуруп алгандар саны 590 адамга жеткен. Алардын арасынан 140 адам медицина кызматкерлери. Оорудан жети адам көз жумган.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.