Коронавирус: Бир суткада 21 адамдан табылды. Айыккандары да бар

Коронавирус: Бир суткада 21 адамдан табылды. Айыккандары да бар

Бүгүн, 16-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

•  Бишкек ш. – 2 + 10 Санкт-Петербург ш. келгендерден

• Чуй облусу - 3

• Нарын облусу - 6

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 1138 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

•  Бишкек ш. – 11

• Ош ш. – 2

• Ош облусу – 2

• Баткен облусу - 3

• Нарын облусу - 3

 

Республика боюнча  бүгүнкү күнгө чейин жалпы 804 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.