11.04.2020 10:20
Коронавирус дагы 12 дарыгерге жукту. Эми алардын саны 51 кишиге жетти
Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туру боюнча Республикалык штаб кабарлады.
Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 51 учур. Жаӊы учурлардын ичинен 8 медкызматкер Бишкек шаарында, 1 – Нарын облусунда, 3 – Ош шаарында.
11-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 41 жаӊы учуру катталды. Ошентип Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы 339 учуру катталды.
- Жалал-Абад облусунда – 89
- Ош облусунда – 98
- Чүй облусунда – 15
- Баткен облусунда – 4
- Ош ш. – 36
- Бишкек ш. – 42
- Нарын облусунда – 10
- Ысык-Көл облусунда – 4
Катталган учурлардын ичинен: 176 –аял, 163 – эркек.
Лаборатория менен COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан жактардын саны – 6251:
- Жакын байланыштар (1-категория) - 1070
- Башка байланыштар (2-категория) - 5181
Байланышкан жактардын саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: