Коронавирус дагы 3 адамдан табылды. Баары Бишкек шаарынан
Бүгүн, 5-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 адам катталды. Жалпы -147. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
“Жаңы каталган 3 учур тең Бишкек шаарынан” – дейт КР Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.
Эске салсак, 2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: