Коронавирус: Илдетке чалдыккандардын саны Казакстанда 13, Өзбекстанда 8 кишиге жетти
Өзбекстанда коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны 8 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри маалымдайт.
Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.
Ал ортодо Алматыда дагы 3 адамдан коронавирустун симптомдору аныкталды. Бул тууралуу Казакстан саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып Казакстандын маалымат булактары жазып чыгышты.
«2020-жылдын 17-марты, саат 09:00, коронавирус боюнча эпидемиялык кырдаалдын Казакстандагы абалы. Алматыдан дагы 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталды», — деп берилген билдирмеде.
Бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын саны жалпы 13кө жетти. Алардын 11и Алматыдан, 2 бейтап Нур-Султандан аныкталды.
Эске сала кетсек, Германиянын бейтапканаларынын биринде дагы 1 казак жараны коронавируска каршы дарыланууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: