Коронавирус инфекциясынан 25 бейтап айыкты
Өлкө боюнча стационарлардан жалпы 25 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйүнө чыгарылды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифингде билдирди.
“Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканадан дагы 10 бейтапты чыгаруу пландалууда”, -дейт Абдикаримов.
Белгилей кетсек, 8-апрелге карата өлкөдө коронавируска кабылган бейтаптардын жалпы саны 270 адамга жетти.
Өлкөдө COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: