01.04.2020 14:20

Коронавирус: Казакстан ун жана буудайдын экспортуна чектөө койду

Коронавирус: Казакстан ун жана буудайдын экспортуна чектөө койду

Казакстан Кыргызстанга ун жана буудайды квота менен берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн бейшембиден тарта Казакстан чектөөлөрдү койду. Эми айына квота менен 30 миң тонна ун жана 30 миң тонна буудай ташылып келинет.

“Бул квотанын негизинде ун жана буудай келүүдө”, — деди вице-премьер.

Ошондой эле Асрандиев белгилегендей, казак тарап кечээтен тарта Чоң-Капка өткөрмө бекетинен өтүүлөргө чектөө коюп, эртең мененки саат 10дон кечки саат 19га чейин өтүү режимин киргизди.

Мындан тышкары, вице-премьер кошумчалагандай, Россия өкмөтүнүн башчысына 100 миң тонна буудай берүүсү тууралуу кат жөнөтүлдү.

Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.

Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.