Коронавирус: Кыргызстанда илдетти аныктоочу учурда эки гана лаборатория бар

Коронавирус: Кыргызстанда илдетти аныктоочу учурда эки гана лаборатория бар

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар өкмөттүн коронавируска каршы жасап жаткан иштери боюнча отчет алды. Анда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев илдетти аныктоочу тест-системалар жетиштүү экенин белгиледи. Ошол эле маалда өлкө боюнча болгону эки лаборатория иштеп жатканын айтты. Алар Ош жана Бишкек шаарында.

“Бизде 6 лаборатория бар, алардын экөө иштеп жатат. Дагы экөө иштөө алдында турат. Аларды бүгүн-эртеңден Жалал-Абадка жеткиребиз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бир талабы бар, алар аттестациядан өткөрүлөт”, — дейт Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Айтымында, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ооруканалардагы дары-дармектерге бирдиктүү көзөмөл жүргүзөт. Буга чейин фармацевттик компаниялардын башчылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аларга кампаны керектүү каражаттар менен толуктоону сунушташкан.

“Январь, февраль айларында дары-дармектер келип түшкөн. Тартыштык болбойт. Биз баардык тоскоолдуктарды алып жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздүк”, - дейт министр.

Эске сала кетсек, Жала-Абад облусунда кичи ажылыктан келген 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган.