Коронавирус: Кыргызстанда илдетти жугузгандардын саны 84 кишиге жетти
Бүгүн, 29-мартта Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккандардын саны 84 кишиге жетти. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча республикалык штаб билдирди.
“29-март, саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Ошентип республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84ге чейин өстү”, - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учурлар:
- Чүй облусунда – 2 учур
- Бишкек шаарында -4 учур
- Нарын шаарында – 1 учур
- Ош облусунда – 6 учур
- Жалал-Абад шаарында – 13 учур
Эске салсак, күн мурун, 28-мартта Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 58 болчу. Алардын басымдуу бөлүгү Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда катталган. Ал эми Бишкекте 4 учур, Баткенде 1 киши ооруга чалдыккан.
Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: