Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга Кытайдан 15 адис келет
Кыргызстанга коронавирус илдетине каршы күрөшкө жардам бериш үчүн Кытайдан адистер келгени жатат. Бул тууралуу 16-апрелде Коронавируска каршы республикалык штабда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингинде белгилүү болду.
Кытайдан 15 адис келе турганы маалым болгону жөнүндөгү суроого ал:
«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун биздеги кеңсеси менен бирге чет элден келген консультант-дарыгерлердин иштөө шарттарын тактап, даярдык көрүп жатабыз. Келгенде биздин түндүк аймакта да, түштүк аймакта да иштей тургандай шарт түзгөнгө аракет кылып жаткан кезибиз», - деп жооп берди.
Бүгүн, 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Жалпысынан СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 466 кишиге жетти. Жалпы катталган учурлардын ичинен – 251 аял, 215 эркек. Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: