Коронавирус: Ош облусунда илдетке чалдыккандар - улгайган айымдар

Коронавирус: Ош облусунда илдетке чалдыккандар - улгайган айымдар

Ноокаттагы коронавирус илдетине чалдыккан аялдар Кувейттен учуп келишкен. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова парлементтин көпчүлүк коалициясынын жыйынында маалымдады.

 «Кувейттен Ошко учак менен келген. Үч айым эки айылдан экен. Азыр акимдин буйругу менен Ноокатта өзгөчө абал киргизилди. Бардык чаралар көрүлүп жатат. Ал жарандар умрага барып, эки рейс менен келишкен», - дейт Алтынай Өмүрбекова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар 67, 71 жана 77 жашта.

18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. 

Эске сала кетсек, буга чейин 18-мартта Кыргызстанда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган.

Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.