Коронавируска чалдыккандар 500дөн ашты. Бүгүн 17 кишиден табылды

Коронавируска чалдыккандар 500дөн ашты. Бүгүн 17 кишиден табылды

Бүгүн, 18-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

  • Ош облусу – 5
  • Ош ш. – 1
  • Нарын облусу - 11

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер саны 116 учур бойдон калды”, - деп билдирет министрлик.

COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 738 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):

  • Жакын байланыштар (I категория) – 1 663
  • Башка байланыштар (II категория) – 6 075
  • Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 075 адам жатат.

Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына 506 киши чалдыкты. Анын ичинде:

  • Жалал-Абад облусу – 93
  • Ош облусу – 140
  • Ош ш. – 74
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 102
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусу – 56
  • Ысык-Көл облусунда – 8
  • Жалпы катталган учурлардын ичинен – 270 аял, 236 эркек.