Коронавирустан 13 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Коронавирустан 13 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Коронавирус илдетинен Кыргызстанда айыгып чыккандар дагы аз эмес. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.

Маалыматка караганда, күн мурун, 12-апрелде ондон ашуун бейтап үйлөрүнө чыгарылган.

 “Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 67 бейтап ооруканадан чыгарылды”, - саламаттык сактоо министри Нурболот Усенбаев.

Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын жалпы саны 419 кишиге жетти. Ичинен 79 учур медицина кызматкерлеринен аныкталган.

  • Жалал-Абад облусунда – 91,
  • Ош облусунда – 128,
  • Ош ш. – 59,
  • Чүй облусунда – 27,
  • Бишкек ш. – 69,
  • Баткен облусунда – 5,
  • Нарын облусунда – 34,
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.