Коронавирустан дагы эки адам каза тапты

Коронавирустан дагы эки адам каза тапты

Өткөн суткада Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 адам көз жумду. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифингде  билдирди.

"Көз жумган бейтаптар ооруканада коронавирустан дарыланып жатышкан. Абалдары буга чейин оор болчу"-деди Абдикаримов.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан жалпы 4 адам каза тапты. Ал эми 6-апрелге карата өлкөдө коронавируска кабылган  бейтаптардын жалпы саны 216 адамга жетти.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.