Коронавирустан дагы үч кыргыз жараны сакайып чыгышты
Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка караганда, алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
“Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн”, - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын саны 144 кишиге жетти.
- Бишкек – 15
- Ош ш. – 12
- Ош облусунда – 35
- Баткен облусунда – 3
- Джалал-Абад облусунда – 67
- Чуй обсусунда – 6
- Иссык-Куль обслусунда – 2
- Нарын обслусунда – 4
2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. 6 киши реанимацияда, бирөөнүн абалы өтө эле оор. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: