Коронавирусту жаңы жугузгандар менен байланышта болгон 194 киши табылды

Коронавирусту жаңы жугузгандар менен байланышта болгон 194 киши табылды

СOVID-19 вирусу жаңы аныкталган 14 кишинин бешөө чет мамлекеттен келген. Учурда 14 киши менен байланышта болгон 194 киши табылып, изилдөө иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Өлкө боюнча жалпы коронавируска текшерилгендердин саны 10 миң 157 киши. Обсервацияда 1660 жатат. Жалпысынан республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын саны 144 кишиге жетти.

  • Бишкек – 15
  • Ош ш. – 12
  • Ош облусунда – 35
  • Баткен облусунда – 3
  • Джалал-Абад облусунда – 67
  • Чуй обсусунда – 6
  • Иссык-Куль обслусунда – 2
  • Нарын обслусунда – 4

2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. Дагы 6 киши оорудан сакайып чыгышты. 4 бейтаптын абалы оор. 1 киши реанимацияда. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.